Биз менен байланышыңыз

Улуттук фтизиатрия борборунун кызматкерлери COVID -19 инфекциясын жуктурбоону үйрөнүштү

Кыска кабар | 16 Апр 2020 | 368 | 0

Улуттук фтизиатрия борборуна келген бейтаптардан COVID -19 инфекциясы медицина кызматкерлерине жугуп калбашы үчүн фтизиатр-дарыгерлердин тобу жана медайымдар инфекциялык көзөмөл боюнча окутуудан өтүштү.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Борбордун кызматкерлери кургак учук жана жугуштуу оорулар боюнча тажрыйбалуу болгону менен аларга COVID-19 менен иштөөдө кошумча билим керек болгон, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 16-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктуруунун 466 учуру катталган. Алардын ичинен 104ү медицина кызматкери болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM