Бүгүн, 16-апрелге карата Республика боюнча 13 бейтап COVID-19 вирусун илдетинен айыкты. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ош шаарынан – 2, Бишкек шаарынан – 3, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусуна – 4 бейтап коронавирус илдетинен сакайып чыгышты. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.