Connect with us

13 бейтап коронавирус илдетинен сакайып, ооруканадан чыгарылды

Кыска кабар | 16 Апр 2020 | 690 | 0

Бүгүн, 16-апрелге карата Республика боюнча 13 бейтап COVID-19 вирусун илдетинен айыкты. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ош шаарынан – 2, Бишкек шаарынан – 3, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусуна – 4 бейтап коронавирус илдетинен сакайып чыгышты. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM