Биз менен байланышыңыз

13-апрелде COVID-19 жуктурган ар бир төртүнчү бейтап — медицина кызматкери

Кыска кабар | 13 Апр 2020 | 965 | 0

Кыргызстанда 13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган ар бир төртүнчү бейтап дарыгер болууда. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, илдетке чалдыккан 42 адамдын 16сы медицина кызматкерлери.

Маалыматтарга ылайык, бул сан катталган жалпы көрсөткүчтүн 33 пайызына туура келет.

Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусун жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 69га жетти.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева буга чейин коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин арасында кан аралаш жөтөлүп, сүйлөй албай калгандар бар экенин, алардын абалы киши ыйлаарлык экенин өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Copyright © 2017 Maral FM