Биз менен байланышыңыз

Гуманитардык жардамды кантип алса болот? Расмий жооп

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 1191 | 1

Жардамга муктаж жарандар азык-түлүк түрүндөгү жардамды төмөнкүдөй жолдор менен ала алышат:

1)   Сall-борбордун «1227» түз байланыш номерине 09:00дан 18:00гө чейин чалуу (чалуу акысыз);

2)   1227tunduk.kg порталы;

3) «Биз барбыз!» элдик штабынын тelegram-каналы аркылуу;

4) «Жардам берем» мобилдик тиркемеси аркылуу;

5) Facebook соцтармагындагы «Жардам штабы» баракчасы аркылуу;

6) 0558 52 60 01 WhatsApp номери аркылуу.

Төмөндөгүлөрдү толтуруу керек:

а.   Ф.И.О

б.  (ПИН)

в.   Мобилдик телефондун номери

г.  Облус, район жана шаарды сөзсүз түрдө белгилөө менен учурда жашаган жерин көрсөтүү

д. Үй-бүлөсү тууралуу кыскача маалымат (үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны).

2. Турмуштук оор шартта калган жарандар же үй-бүлөлөр гуманитардык жардам алышы үчүн белгиленген критерийлер барбы?

Жооп: Төмөнкү категориядагы жарандарга биринчи кезекте жардам көрсөтүлөт:

 жакыр жашаган жарандар, анын ичинде:

— балалуу муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын төлөнүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулар;

— ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул алуучулар (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, улгайган адамдар, багар-көрөрү жок балдар,  пенсиялык камсыздоо укугу жоктор);

— алган пенсиясынын өлчөмү негизги азык-түлүктөрдүн баасынан төмөн пенсионерлер;

— жумушсуз жарандар;

  өзгөчө абал/кырдаал киргизген учурда жумушсуз калган адамдар (убактылуу бош эмгек ресурстары).

Гуманитардык жардам пакеттеринде күнүмдүк керектелүүчү негизги азыктар: ун, кумшекер, чай, картошка, өсүмдүк майы, күрүч, гречка, макарон бар. Азык-түлүк пакетине негизинен ун, өсүмдүк майы, кумшекер, макарон кирет. Азык-түлүк пакети үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша муктаж үй-бүлөлөргө берилет.

Copyright © 2017 Maral FM