Биз менен байланышыңыз

Пакистанда коронавируска чалдыккан кыргызстандык каза болду

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 786 | 0

Пакистанда У.А. аттуу 1947-ж.т. кыргызстандык жүрөк оорусунан каза тапты, анда COVID-19 инфекциясы да бар экени аныкталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болгон. Улгайган курагынан улам анда башка тубаса илдеттери да өрчүп кеткен.

Маркумдун туугандарынын макулдугу менен сөөк Пакистанга коюлду.

Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан Кыргызстандын 7 жараны бар. Бирөөсү каза болуп, алтоосу обсервацияда калууда.

Copyright © 2017 Maral FM