Биз менен байланышыңыз

Боронов: Дыйкандардын жазгы-талаа иштерине көмөк көрсөтүлөт

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 324 | 0

Дыйкандарга жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге көңүл буруусу тийиш.

Дыйкандардын, айыл чарба техникасынын кыймыл-аракетине кыйынчылыктар жаралбашы керек. Айрым айылдарда орнотулган посттор жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук түзбөшү керек. Бул маселени иретке келтирүү зарыл, — деди Кубатбек Боронов.

Ал тийиштүү кызматтар көчөлөрдү дезинфекциялоо боюнча ишин күчтөндүрүүсү зарыл экендигин белгиледи. Анын айтымында, Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөр гана эмес, чет жакалардагы жаңы конуштар жана кичи райондор да тазаланышы тийиш. Жыш отурукташкан райондорго өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Ошондой эле ал жарандардын копсуздугу мамлект жана өлкө жетекчилиги үчүн артыкчылыктуу маселелерден болуп саналаарын баса белгиледи.

Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин, ӨКМ жана ИИМ маалыматы угулду.

Мындан тышкары, коронавирустун жайылыш абалын мониторингдөө боюнча автоматташтырылган тутумдун бетачары болду, анда коронавирус менен ооруган жарандардын, алар менен катнаш болгондордун, карантиндеги адамдарын орду боюнча бирдиктүү эсеп жүргүзүлөт.

Жергиликтүү бийлик органдарына маалыматтарды тутумга ыкчам киргизүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, аларга калктын аярлуу катмарына даректүү жардам көрсөтүү боюнча ишти күчтөндүрүү тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM