Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таксист үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүнө коронавирус жуктурган

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 3980 | 0

-7-апрелге карата Бишкек шаарында коронавирус менен 25 адам ооруганы аныкталды. Бул 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышкан, — деп билдирди калаа башчысы Азиз Суракматов.

Мэр ошондой эле коронавирустун тарашы боюнча эки мисал келтирди:
Биринчи учур – бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн – жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин – кошо ооруткан.
Экинчи учур – башка үй-бүлөдө бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган.

Ошондой эле Суракматовдун айтымында, өзгөчө абал режими Бишкек шаарынын тургундарынын жашоосуна өзгөрүү алып келди. Бизнес жана кызматкерлер үчүн ыӊгайсыздык жана айрым көйгөйлөрдү жаратты. Бирок бул чаралар COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучуна каршы күрөшүүгө багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM