Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда 7-апрелде массалык веложүрүш өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 592 | 0

Түркмөнстанда 7-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо күнүнө пландалган велосипед тебүү жана маданий-спорттук иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу ТДХ мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Министрлер кабинетинин отурумунда президент Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабад шаарынын мэри Язтаган Жылдыковго массалык велосипед тебүүгө жана башка маданий жана спорттук иш-чараларга даярданууну тапшырган.

Президенттин айтымында, бул иш-чаралар түркмөнстандыктардын ден соолугун чыңдоо үчүн маанилүү иш чара.

Эске салсак, 2019-жылы Түркмөнстан бири-биринен белгилүү аралыкта катар тизилип велосипед тебүү боюнча Гиннестин рекорддор китебине кирген. Бул Түркмөнстандын массалык велоспорт жаатындагы экинчи рекорду.

2018-жылы массалык веложарыштын катышуучулары президент Гурбангулы Бердымухамедов менен бирге дүйнөлүк рекордду орнотуп, дүйнө жүзүндөгү «Эң чоң велосипед сабагы» үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Copyright © 2017 Maral FM