Биз менен байланышыңыз

Исаков дистанттык окутууга акыркы даярдыктар боюнча онлайн конференция өткөрдү

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 425 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттарынын директорлору, билим берүүнүн областтык координаторлору менен дистанттык билим берүүгө акыркы даярдыктар боюнча онлайн конференция өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Каныбек Исаков аткарылып жаткан акыркы жумуштар боюнча маалыматтарды айтып, министрлик тарабынан даярдалып жаткан электрондук ресурстар боюнча кенен түшүндүрмө берди. Жетекчилерди сунушталган бул каражаттар менен чектелбей, жоопкерчиликтүү мамиле менен өз алдынча изденүү жана аракеттенүү керектигин белгиледи.

Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы керек. Биз даярдап жаткан видеосабактар 20 мүнөттөн болот жана темага байланыштуу билимдин минимумдарын берет. Мугалимдер окуучулар менен байланышып, алардын суроолоруна жооп берип, теманы бышыктап, тапшырмаларды бериши керек. Эң башкысы окуучуларга жакшы мамиле жасалып, ийкемдүү жадыбал түзүүңөр зарыл,-деди министр.

Министрдин орун басары Надира Жусупбекова мектепке чейинки даярдоо жана 1-11-класстар үчүн тартылып жаткан видеосабактар кандай жадыбалда телеканалардан кетери боюнча маалымат берди.

8-апрелден тарта IV чейректин сабактарын “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» эфирге берилет.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт. Ошондой эле “МЕГА 24” тиркемесинде да жогорудагы каражаттар жайгаштырылат.

Copyright © 2017 Maral FM