Биз менен байланышыңыз

Кытай 4-апрелди коронавирустун курмандыктары үчүн аза күтүү күнү деп жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1336 | 0

Кытай бийлиги 4-апрелди коронавирустун курмандыктары үчүн аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.

Өлкөдө үч мүнөттүк аза күтүү болуп, автоунаалардан, поезддерден, кемелерден жана абадан коргонуу техникаларынан сигналдар чыгарылып, өлгөндөрдүн элеси эскерилет.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухан шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдаган. Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.

29-мартта, Кытайдын саламаттыкты сактоо комитети жалпы өлкөдө эпидемиянын жайылышы токтоп калганын айтып, вирусту жеңгенин жарыялаган.

Кытайда коронавирус илдети пайда болгондон бери жалпы 82,4 миң адам аталган вируска чалдыкты.

Copyright © 2017 Maral FM