Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүштү

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 347 | 0

Бүгүн, 2-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Анда эки тараптуу өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын коронавирус инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүгө көрсөткөн колдоосун жогору баалап, өзбек тарапка берген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

2-апрелде Ош облусуна Өзбекстандан 1000 тонна ун,  7000 комплект  медициналык коргоочу костюм,  бир жолу колдонулуучу № 95 респиратордон 2 миң даана, 20 миң кол кап,  500 коргоочу көз айнек, 200 даана медициналык пирометр жана  2000 тест-системасы, ошондой эле аларга тийиштүү болгон  реагент жеткирилди.

Copyright © 2017 Maral FM