Биз менен байланышыңыз

Президент Европа Кеңешинин президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 2023 | 0

Бүгүн, 2-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары талкууланды.

Мамлекет башчысы ЕБ өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтып, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүт артаарын билдирди.

Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Кыргызстандын экономикасына залакасын азайтуу боюнча кыргыз тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Европа Кеңешинин төрагасы кыргыз тараптын бул илдет менен күрөшүүсүнө колдоосун билдирип, ЕК өлкөгө финансылык жардам көрсөтүүнүн оптималдуу жолдорун карап чыгарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM