Биз менен байланышыңыз

Беш-Күнгөйдөгү обсервацияда аял каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 701 | 0

Беш-Күнгөй айылындагы обсервацияда коронавирустан бир аял каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган обсервацияга жалпы 31 киши жаткырылган, бардыгынын абалы жакшы, баары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 116 кишиге жетти. Ошондой эле учурда беш киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын ичинен 2 киши Ноокатта, 2 киши Ошто,бирөө Жалал-Абадда. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган эки адамдын абалы оор.

Copyright © 2017 Maral FM