Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда күнүнө 2 млн 640 миң даана беткап чыгарылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 533 | 0

Өзбекстанда күнүнө 2 млн 640 миң даана беткап чыгарылууда. Бул тууралуу  «Узтекстильпром» бирикмесинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда күн сайын медициналык халаттар 9 миң даана, медициналык беткаптарды тигүүчү жумшак кездемеден (марли)  — 398 миң метр чыгарууда. Аталган өндүруштөрдү ишке ашырууга 24 ишкана тартылган.

Коргоочу беткаптар күн сайын өлкөнүн дээрлик бардык региондорунда чыгарылат, маскалардын эң көп саны Ташкент облусунда (404 миң даана), Ташкентте (283 миң даана), Кашкадарья облусунда (232 миң даана) чыгарылат.

Бул көрсөткүчтөр «Узтекстильпром» Ассоциациясы тарабынан мониторинг жүргүзүлүп жаткан ишканаларга гана тиешелүү, өндүрүштүн чыныгы көлөмү бул көрсөткүчтөрдөн айырмаланышы мүмкүн.

Учурда өндүрүштүн көлөмүн күнүнө 5 миллион беткапка чейин көбөйтүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Өзбекстанда учурда коронавируска кабылгандардын саны 187ге жетти. Ошол эле учурда аталган илдеттен 12 адам айыгып, 2 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM