Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирус жуктургандардын саны 2777ге жетти

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 320 | 0

Орусиянын Москва шаарында коронавирус аныкталган үч бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу коронавирус абалы боюнча борбор калаанын ыкчам штабы билдирди.

Көз жумган адамдарда эки тараптуу пневмония илдети өрчүп кеткен. Бейтаптардын жаш курагы – 63 жаштан 72 жашка чейин.

Ошондой эле, үчөөндө теӊ жүрөк-кан тамыр дарттары сыяктуу башка оорулары да болгон. Бейтаптардын бири жакында чет өлкөдөн кайтып келген.

Учурда Москвада коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1880 кишиге жетти. Жалпы Орусия боюнча коронавирус тастыкталган 2777 учур аныкталды. Аталган оорудан 190 адам айыгып, 27 адам көз жумган.

 

Copyright © 2017 Maral FM