Биз менен байланышыңыз

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын өмүр баяны

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 4813 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде, Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган вице-премьер-министр өмүр баяны:

1976-жылдын 17-декабрында Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү, 1999-жылы Бишкек гуманитардык университетинин «Чыгыш таануу» факультетинен экономист-чыгыш таануучу кесибине ээ болгон (адистиги — Кореянын экономикасы).

Эмгек жолу:

— 1997-1998 жылдары — «Баласагын» жеке менчик мектебинде мугалим;

— 1998-2002-жылдары — «Пхурыл Киль» ЖЧКсында котормочу;

— 2002-2005-жылдары — «Хануль» ЖЧКсында башкы менеджер, котормочу;

— 2005-2006-жылдары — «Венчур Си энд Си Плаза» компаниясында котормочу;

— 2006-2008-жылдары — «Венчур Си энд Си Плаза» компаниясында башкы менеджер, котормочу;

— 2006-2010-жылдары — «PARK8 OPC» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү;

— 2011-2015-жылдары — «Silk road services» ЖЧКсынын генералдык директору;

— 2015-2020 жылдары — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, ошондой эле Кыргызстан-Корея депутаттык достук тобунун жетекчиси.

— 2020-жылдын апрелинен тарта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.

Copyright © 2017 Maral FM