Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирус жуктургандар 400дөн ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 607 | 0

Казакстанда бүгүн, 2-апрель саат 08: 30га карата коронавирустук инфекцияны жуктурган дагы 16 учур катталды. Алардын ичинен Нур-Султан шаарында 7, Атырау облусунда 2, Түндүк Казакстан облусунда 1 жана Караганды облусунда 6 учур катталган. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып чет элдик басылмалар жазды.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 402 кишиге жетти. Анын ичинде Нур-Султан шаарында 191, Алматы шаарында 90, Караганды облусунда 21, Атырау облусунда 18, Акмола облусунда 19, Жамбыл облусунда 5 учур катталды.

Шымкент шаарында — 3, Чыгыш Казакстан облусунда — 2, Алматы облусунда — 9, Актөбө облусунда — 4, Түндүк Казакстан облусунда — 6, Павлодар облусунда — 1, Мангистау облусунда- 1 иш, Кызылорда облусунда — 25, Батыш Казакстан облусунда — 2 учур, Түркистан облусунда — 5 учур катталган.

Copyright © 2017 Maral FM