Америкалык Ford автоконцерни General Electric компаниясы менен биргеликте кызматташуунун алкагында жакынкы 100 күндө өпкөнү жасалма вентиляциялаган 50 миң аппарат жасап чыгууга ниеттенип жатат. Аларды даярдап чыгуу боюнча иш-аракеттер концерндин ишканаларында күнү-түнү жүргүзүлүүдө.