Биз менен байланышыңыз

Электрондук уруксат берүү системасы иштей баштады

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 623 | 0

Бүгүн, 31-марттан баштап өзгөчө абал учурунда өткөрмөлөрдү электрондук түрдө уруксат берүү системасы иштей баштады. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, электрондук арыз берүү үчүн www.tunduk.kg сайты аркылуу кайрылса болот. Арызды кароо мөөнөтү 24 саатты түзөт.

Документтерди кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү Бишкектеги 4 райондук башкармалыкта ишке ашырылат – Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондорунда.

Бишкек коменданты Алмазбек Орозалиев билдиргендей, эми үйдөн чыкпай туруп эле өткөрмөлөрдү алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM