Биз менен байланышыңыз

Францияда акыркы 24 сатта 292 адам коронавирустан көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 574 | 0

Францияда COVID-19 илдетинен 2600 адам көз жумган. Акыркы 24 саттын ичинде коронавирус 292 адамдын өмүрүн алып кеткен. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо дирекциясынын башчысы Жером Саломон билдирген. Бирок бул статистика ооруканаларда гана өлгөн бейтаптарга тиешелүү. Ал эми өз үйлөрүндө же карылар үйлөрүндө өлгөндөрдүн эсебин 30-марттан баштап эсептеп башташат. Францияда коронавирус менен ооругандардын саны 40 минден ашты. 19350 бейтап учурда ооруканаларда дарыланып жатышат. Алардын ичинен 4630 адамдын абалы өтө оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырууда жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM