Биз менен байланышыңыз

Ош: Жарандар коменданттык саатка түшүнүү менен мамиле кыла баштады

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 461 | 0

Ош шаарында жарандар коменданттык саатты түшүнүү менен кабыл алып, олуттуу мамиле жасап баштады. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов билдирди.

«Жарандар коменданттык саатты түшүнүү менен мамиле кыла баштады. Бул илдетти тартип, режим, сабырдуулук менен жеңебиз. Коомдук саясий абал туруктуу өттү жана комендатуранын көзөмөлүндө», — деди комендант Нурдинов.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 29-март саат 20:00дөн 30-март саат 07:00гө чейинки коменданттык саат учурунда 13 адам эреже бузган. Олуттуу мыйзам бузуулар катталган эмес.

Ал эми 30-мартка карата Бишкек шаарында эрежени аткарбаган 122 жаран кармалган.


Бишкек: коменданттык саат киргизилгенден бери 739 адам тартип бузду

Copyright © 2017 Maral FM