Биз менен байланышыңыз

Трамп: Коронавирустан 200 миңдей америкалыктын өлүшү жакшы жыйынтык болот

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 7391 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп пресс-конференцияда COVID-19 пандемиясынан америкалыктар канчалык зыян көрөрү тууралуу айтты.

“Бул вирустан 2 миллиондой кишинин өлөрү айтылууда. Эгер биз каза болгондордун санын 100-200 миңге чейин азайта алсак, мыкты иш алып барган болобуз”,- деди президент Трамп.

Ошондой эле, президент АКШда пандемия эпкини 1-июнга карай басаңдарын болжолдоп жатканын билдирди.

Буга чейин 28-март күнү Жугуштуу оорулар боюнча улуттук институттун директору Энтони Фаучи CNN телеканалында берген маегинде коронавирустан каза тапкандардын саны 200 миңге жетиши ыктымал деген божомолун айткан.

Эксперттердин айтымында, Америкада коронавирустук инфекциядан боло турчу өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү 14 күндүн ичинде күтүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM