Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 502 | 0

Кечээ, 29-март күнү Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 5 балл, ал эми Баткенде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, Жалал-Абаддагы жер титирөө саат 10:51де болуп, ал Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кызыл-Гава айылдарында 5 балл, Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 балл, ошондой эле Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 3,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми Баткендеги силкинүү саат 16:04тө катталып, Кадамжай районунун Шахимардан айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

 

Copyright © 2017 Maral FM