Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Тажикстанда парламенттик шайлоо өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 387 | 0

Бүгүн, 27-мартта Тажикстанда парламенттин жогорку палатасын (Маджлиси милли) шайлашат. Парламенттин жогорку палатасы 33 адамдан, анын ичинен 25 адамды облустук жана шаардык мажилистер (парламент) тандаса, 8 адамды президент өзү дайындайт.

Сенаторлукка талапкерлигин Душанбенин мэри Рустам Эмомали, Согдий облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, Бадахшан автономдуу облусунун (ГБАО) Ёдгор Файзов менен Хатлона Курбон Хакимзода койду.
Ал эми төмөнкү палатанын (Маджлиси намояндагон) шайлоосу 1-мартта өткөн. Анын жыйынтыгы менен 63 депутат шайланган.
Тажикстанда парламенттик шайлоо 2020-жылдын 27-мартында өтөрү былтыркы жылдын декабрь айында белгиленген. Мындай жарлыкка өлкө башчысы Эмомали Рахмон 4-декабрда кол койгон. Ошондой эле, ушул жылдын күз айында президенттик шайлоо да өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM