Биз менен байланышыңыз

Күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 552 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-мартта саат 10:44тө Тажикстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жер титирөө Баткен облусунун Баткен шаарында жана Баткен районунун Кара-Бак, Чек, Жаңы-Жер, Кызыл-Жол, Сары-Өтүк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM