Биз менен байланышыңыз

Интернационал айылынын башчысы азыркыга чейин тажик тарапта барымтада

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 586 | 0

Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев азыркыга чейин тажик тарапта барымтада калууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү органдар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

29-апрелде Интернационал айылынын тургундары Исфанага качкан учурда айылдын бир бөлүгү болгон «Жилой домдогу» өрттөлүп жаткан үйлөрдү өчүрүү үчүн төрт адам артка кайтып, тажик жарандары алардын экөөсүн атып ташташкан болчу. Мына ошол 2 жарандын өлүгүн алып чугууга сүйлөшүүгө барган айыл башчысын тажиктер туткундап, өздөрүнүн өлкөсүнө алып кирип кетишкен.

Бүгүн, 1-майда мына ошол эки жарандын сөөгүн тез жардам кызматы келип алып чыгышкан. Алардын сөөгү бүгүн саат 14:00гө жакын жерге берилди.

Бирок, тажик тарап кыргызстандыктын барымтага алынганы тууралуу маалыматты четке кагууда.

Copyright © 2017 Maral FM