Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучуларды өткөрүү жанданды

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 1251 | 0

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучуларды жүк менен өткөрүү жандандырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 25-мартына карата «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 97, «Чон-Капка автожол» аркылуу — 26 унаа Кыргыз Республикасына келди.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл-өткөрмө жайлар аркылуу 192 жүк ташуучу унаа Кыргыз Республикасынан кеткен. Жүк унааларын өткөрүү тоскоолдуксуз жүргүзүлүүдө.

Жүктөрдүн арасында жабдуулар, азык-түлүк, калк керектөөчү товарлар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башкалар бар.

Эскерте кетсек, Кыргызстан жана Казакстан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө продуктуларды ташууга убактылуу тыюу салган.

Буга чейин Чүй облусундагы «Ак-Тилек» жана Таластагы «Чоң-Капка» бекеттеринде казак тараптан азык-түлүк жана жабдык жүктөлгөн жүздөгөн оор жүк ташуучу машинелер чек арадан өтө албай турганы кабарланган.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Казакстан Ирандан келе жаткан кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалардын экинчи тобун өз чек арасынан өткөрдү.

25-мартка карата коронавирус боюнча Кыргызстанда 44, Казакстанда 80 жагдай катталган.

Казакстанда 2 жаран коронавирустан айыкты

Copyright © 2017 Maral FM