Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Иш-аракеттердин алгоритми алмашты

Кыска кабар | 21 Мар 2020 | 472 | 0

Коронавирустун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми алмашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн билдирди.

Эми чет жактан өлкөгө кайтып келгендерде оорунун симптомдору (жөтөл, дене табы ысык) байкалса гана, алар стационарга жаткырылат. Эгерде оорунун эч кандай белгилери жок болсо, жаран үй шартында обсервацияга киргизилет. Бирок карантиндин талаптарын бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөт. Айта кетсек, чет өлкөлөрдөн келген жарандардын ар биринен лабораториялык анализдер алынат.

Copyright © 2017 Maral FM