Биз менен байланышыңыз

Коронавирус боюнча кырдаал: Ош шаарында 4 базар жабылат

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 918 | 0

Коронавирус боюнча өлкөдө түзүлгөн кырдаалга ылайык, Ош шаарында 4 базар жабылууда. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнтөн тарта шаардагы борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, кийим-кечек саткан борбордук жана «Келечек» базары убактылуу жабылат. Мындай аракеттер коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу чараларынын алкагында көрүлүүдө.

Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар иштейт берет.

Жарандарга эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталат.

Ал эми кандайдыр бир суроолор жаралса, Ош шаарынын мэриясынын ишеним телефону (03222) 5-53-84 күнү-түнү жооп берери эскертилди.

Copyright © 2017 Maral FM