Connect with us

Коронавирус чыккан Ноокат районуна өзгөчө кырдаал киргизилди

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 1366 | 0

Ноокат районунун акими – жарандык коргонуунун башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу менен Оштун Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындай чечим аймакта коронавирус дартына чалдыккан жарандар аныкталгандан кийин кабыл алынган.

Бул тууралуу Өкмөттөгү коронавируска каршы күрөшүү штабынан кабарлады.

Буйрукка ылайык, чукул кырдаал мезгили аралыгында төмөнкү чаралар жана убактылуу чектөөлөр киргизилет:

— коомдук тартипти сактоону күчөтүү, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо ишмердигин жана транспорттун иштешин камсыздоочу объекттерди коргоо күчөтүлсүн;

2) эл көп чогулган объекттердин ишмердүүлүгү токтотулсун;

3) райондук штабдык мүчөлөрүнөн сырткары, транспорттун бардык түрлөрү менен менен Ноокат районунун аймагына кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга чектөө киргизилсин.

Эскерте кетсек, бүгүн, 20-мартта Ноокат районунда коронавируска кабылган 3 жаран аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM