Биз менен байланышыңыз

Айбек Молдакунов Жогорку Соттун судьясы болду

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 419 | 0

Айбек Молдакунов Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялыгына шайланды. Анын талапкерлиги бүгүн, 19-мартта Парламенттин пленардык жыйынына каралып, жыйынга катышкан депутаттардын 92си колдоду. Каршы чыккан депутат болгон жок.

Өз кезегинде Айбек Молдакунов кызматка киришүү антын берип, ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM