Биз менен байланышыңыз

Абактагы өмүр бою соттолгон 236 адам ачкачылыкты токтотушту

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 553 | 0

Кыргызстандын абактарында бир канча күндөн бери ачкачылык жарыялаган өмүр бою эркинен ажыратылган 236 адам акциясын токтотту. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат бөлүмү бүгүн кабарлады.

Абактагы 200дөй соттолуучу (өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган) соттук реформага каршы ачкачылык жарыялай турганы боюнча 9-мартта кат жүзүндө билдиришкен. 16-мартта алардын саны 236га жеткен. Өмүр бою эркинен ажыратылгандардын калгандары ачкачылык акциясына катышуудан баш тартышкан.

ЖАМКтын түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери ачкачылык акциясы боюнча соттолгондор менен тартип, алдын алуу иштерин жүргүзүшкөн.

Учурда түзөтүү мекемелеринде абал туруктуу. Соттолуучулар арасында медициналык жардам сурап кайрылгандар, тамак-аштан баш тарткандар болгон эмес, — деп айтылат ЖАМКтын билдирүүсүндө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM