Биз менен байланышыңыз

Африка: Бийликтеги байлар жана ачка калк

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 977 | 0

Африкадагы эң бай башчылардын тизмеси:

1. Марокко падышасы Мухаммед VI – $5,8 млрд
2. Габона президенти Али Бонго Ондимба – $1 млрд
3. Экватордук Гвинея президенти Теодоро Нгема Мбасого – $600 млн
4. Кения президенти Ухуру Кеньята – $500 млн
5. Руанда президенти Поль Кагаме – $500 млн
6. ТАР президенти Сирил Рамафоса – $450 млн
7. Свазиленда падышасы Мсвати III – $200 млн
8. Египет президенти Абдул-Фаттах Ас-Сиси – $185 млн
9. Эритрея президенти Исайяс Афеверки – $100 млн
10. Чад президенти Идрис Деби – $50 млн

Ал эми аталган бай лидерлер башкарган өлкөлөрдүн жүз-миңдеген эли жылына жакырчылыктан качуу аракетинде деңизде жан тапшырат.

Жалпы континент боюнча 736 миллион калк ачкачылыкта болсо анын 413 миллиону Африканын түштүгүндөгү өлкөлөргө таандык. БУУнун баяндамасына ылайык, 2015-жылга салыштырмалуу 2018-жылы Африкадагы ачкачылыкта жашагандардын саны 34,5 миллионго өскөн.

Эске салсак, акыркы беш жылда Африкадагы жакырчылык жана Жакынкы Чыгыштагы согуштардан качып, Жер ортолук деңизи аркылуу Европа тарапка агылган он-миңдеген мигрант техникалык коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн денизге чөгүп кетишкен.

Европага 2019-жылдын башынан бери 80 минден ашуун мигрант дениз аркылуу өткөн. Былтыркы жылы алардын саны 98 миңге жеткен. БУУнун маалыматына ылайык, миңге чукулу жолдо каза болушкан же дайынсыз жоголушкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM