Биз менен байланышыңыз

Баткен: Карантинге алынган 8 кишиден коронавирус табылган жок

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 2683 | 0

Баткен облусунун Сауд Арабиясынан келип, карантинге алынган 8 тургунунун анализинен коронавирус табылган жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Бул сегиз жаран Сузак районундагы коронавирус оорусу табылган үч жаран менен чогуу бир авиакаттамда Кыргызстанга келишкен болчу.

12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан келген зыяратчылардын облустар боюнча саны:

  • Баткен облусу — 8 адам;
  • Жалал-Абад облусу — 48 адам;
  • Ош облусу — 63 адам;
  • Чүй облусу – 4 адам;
  • Нарын облусу – 1 адам;
  • Бишкек — 19 адам;
  • Ысык-Көл облусу — 1 адам.

Copyright © 2017 Maral FM