Биз менен байланышыңыз

ЕББ 750 млн еврого баалуу кагаздарды сатып алат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 363 | 0

Европалык борбордук банк баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча программаны ишке киргизгени жатат. Жеке жана мамлекеттик сектордогу баалуу кагаздарды 750 млн евро суммасындагы каражатка сатып алууну мерчемдөөдө. Бул тууралуу Европалык борбордук банктын сайтында жарыяланды. Мындай жол менен банк коронавирустун кесепетинен жапаа чегип жаткан европалык экономиканы колдой тургандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM