Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту: Бир катар каттамдар токтотулду (тизме)

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 1901 | 0

Коронавирус эпидемиясынан коргонуу максатында Кыргызстандан бир катар өлкөгө учуулар токтотулду. “Манас” аэропортунан маалымдашкандай, Бишкек-Үрүмчү каттамы 2-февралдан баштап токтотулган.

FlyDubai: Дубай-Бишкек-Дубай каттамынын 17, 18, 19,21, 23, 26-марттагы учуулары;

“Эйр Арабия”: Шарджа – Бишкек – Шарджа каттамынын 10-марттан баштап, 15-апрелге чейинки учуулары;

“Эйр Астана”: Нур-Султан – Бишкек — Нур-Султан каттамынын март жана апрель айындагы бардык учуулары, ал эми Алматы-Бишкек жолундагы 16-18-марттагы учуулары;

Uzbekistan Airways: Ташкент – Бишкек – Ташкенттин ишемби күнкү каттамдарынын 16-28-марттагы жана 6-апрелден 27сине чейинкилери, ал эми шаршемби күнкүлөрүнөн 1-22-апрель аралыгындагы учуулары;

“Азимут”: Ростов-на-Дону – Бишкек — Ростов-на-Дону каттамынын 11-25-марттагы учуулары;

Ural Airlines: Екатеринбург – Бишкек – Екатеринбург каттамынын 11-18-25-марттагы учуулары;

Avia Traffic: Бишкек – Дели – Бишкек каттамынын 15, 19, 26-марттагы жана апрелдеги бардык учуулары;

Бишкек – Стамбул – Бишкек каттамынын 19-22-26-30-марттагы, 2-3-5-6-9-10-12-13-16-17-апрелдеги учуулары;

Бишкек – Санкт-Петербург – Бишкек каттамынын 21-28 –марттагы жана 4-11-15-18-апрелдеги учуулары;

Varesh Airlines:  Тегеран – Душанбе – Бишкек – Тегеран каттамындагы учуулары 25-февралдан тарта белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду.

Ал эми Ош аэропортунан:

Jazeera Airways: Эль-Кувейт – Ош – Эль-Кувейт каттамы 10-марттан 1-апрелге чейинки учуулары токтотулду.

Мындан башка каттамдар тууралуу маалыматты “Манас” аэропортуна байланышып тактоого болот.

Copyright © 2017 Maral FM