Биз менен байланышыңыз

Том Хенкс жубайы экөө ооруканадан чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 1025 | 0

Белгилүү голливуддук актер Том Хенкс жана анын жубайы Рита Уилсон Австралиядагы Gold Coast University Hospital ооруканасында беш күндүк изоляцияда болуп чыгышты. Алар бул ооруканага SARS-CoV-2 коронавирусуна карата алынган тестте вирус аныкталды деген тыянак менен госпитализацияга алынган. People журналынын маалыматына караганда, Хенкс жана анын жубайы ижарага алынган үйдө карантинде кала беришмекчи.

Эскерте кетсек, актер Австралияга белгилүү режиссер База Лурмандын Элвис Пресли тууралуу тартылып жаткан тасмасына роль аткаруу үчүн келген эле.

Copyright © 2017 Maral FM