Биз менен байланышыңыз

Баялинов атындагы китепкана каникул учурунда онлайн иштейт

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 1349 | 0

Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдардын жана жаштардын китепканасы каникул учурунда балдар үчүн жаңы – онлайн кызматын сунуш кылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Ал үчүн, bayalinovkaonline@gmail.com электрондук почтасына, китепкананын фондунда бар адабиятка билдирме жөнөтүү керек.

Ар бир билдирме өз алдынча каралат. Билдирмени ыкчам ишке ашыруу үчүн, суроо-талап так жана түшүнүктүү жазылышы керек. Бир да билдирме көз жаздымга калтырылбайт.

Copyright © 2017 Maral FM