Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Жумабеков кыргызстандыктарды сабырдуулукка чакырды

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 466 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө үндөп, сабырдуу болууга чакырды. Парламенттин басма-сөз кызматына берген маегинде ал Кыргызстанда абал туруктуу экенин, азык-түлүк тартыштыгы жоктугун эске салган.

-Элден суранарыбыз, ушул учурда дүрбөлөңгө алдырбай, сабырдуу болуп, бири-бирибизге жардам берип турсак, бул абалдан чыгып кетүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Азыр эч кандай ачарчылыктын заманы эмес,-деди төрага.

Жумабеков парламенттин кызматкерлерине иш сапарлар менен сыртка чыгууга тыюу салынганын, депутаттарга да эскертилгенин айтты. Ал эми депутаттардын жалпы жыйындары мурдагыдай уланат. Бирок жыйынга сырттан келген коноктордун кирүүсүнө чектөө киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM