Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 4 адамга жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 673 | 0

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 4 адамга жетти. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи бейтаптын (аял киши) жакындары, аны менен байланышта болгон адамдар текшерүүдөн өтүшкөн.

Жыйынтыгында, анын кызы менен уулунан да коронавирустун белгилери табылды. Ал бейтап аял Франциядан Өзбекстанга учуп келгени белгилүү болгон.

Ошондой эле, алар жашаган көп кабаттуу үй толугу менен дезинфекцияланып, 230 жашоочу медициналык текшерүүдөн өтүп жатат.

Өзбекстандагы төртүнчү бейтап — 15-мартта эртең менен Стамбулдан учуп келген (HY274 каттамы).


Коронавирус 150дөй өлкөгө жайылды [тизме]

Copyright © 2017 Maral FM