Өзбекстанда коронавирус аныкталган алгачкы учур катталды. Мындай маалыматты Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик боюнча агенттикке таянып, Сentralasia басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, коронавирус Өзбекстандын Франциядан келген жаранында аныкталган.
Учурда аталган вирустун таркашына жол бербөө үчүн эпидемиологиялык жана профилактикалык алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.