Биз менен байланышыңыз

Канададан келген кыргызстандыктaн коронавирус табылган жок

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 6791 | 1

6-мартта Канададан келген кыргызстандыктын коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы терс болуп чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-мартта Республикалык штабга Канада-Стамбул-Бишкек рейси боюнча 6-мартта Торонтодон (Канада) эл аралык конференцияга катышкан Кыргызстандын А.А., аттуу жараны келгендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Келген жаранга уюштуруучулар телефон чалып, Торонто штатында конференцияга катышкандар арасында коронавирус илдети аныкталгандыгы тууралуу билдиришкен.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын аракеттеринин алгоритмине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери кыргызстандык жаран жашаган жерге барышкан.

Учурда кыргызстандык жаран Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылды. Абалы канааттандырарлык. Коронавируска анализи терс болуп чыккан.

1 пикир

1 пикир

  1. Жаныл

    15.03.2020 21:37

    Неге ундун баасын которуп атат карона вирус бул жалган еле кокус кыргысстанга чейин гелген болсо адамдар ебаак еле мёорт болмок анткени биздин кыргыс калкы назык жанбыс грипти готоралбайбыс анан карона вирус бул жактале калсын

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM