Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 10 миң даана дарак көчөттөрү отургузулат

Кыска кабар | 14 Мар 2020 | 359 | 0

Бишкек шаарынын “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы быйыл 10 миң даана жалбырактуу жана 630 ийне жалбырактуу дарак көчөттөрүн отургузууну пландап жатат.

Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, ишкана кышкы сезонду ийгиликтүү аяктап, жазгы бак отургузуу ишин баштаган.

Учурда бир катар көчөлөрдө дарак көчөттөрү отургузулган. 6 жылдык көчөттөр толугу менен аталган ишкананын өзүндө өндүрүлүп-өстүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM