Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 5-февралында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Кыргызстандын биосфералык аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жеткире иштелбегендери жана кемчиликтери болгон бир нече себептерди жоюуга, жаратылышты пайдалануунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун ченемдеринин, эрежелеринин жана чектөөлөрүнүн бирдиктүү механизмин иштеп чыгууга жана “Ысык-Көл” биосфералык чөйрөнү жигердүү жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.