Биз менен байланышыңыз

Казакстандын бешинчи жараны коронавируска кабылды

Кыска кабар | 14 Мар 2020 | 687 | 0

Казакстандын бешинчи жараны коронавирус жуктурганы аныкталды. Ал учурда Германияда дарыланып жатканы маалымдалат. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн бир катар маалымат каражаттары бүгүн жазып чыгышты. Компетенттүү органдар бул боюнча азырынча расмий маалымат айтыша элек.

Казакстанда коронавирус катталган биринчи учур катталганы кечээ, 13-мартта расмий айтылды. Адегенде 3, андан кийин төрт киши бул дартка чалдыкканы маалымдалган.

Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин 11-16-март аралыгында өлкөдө коронавирус катталышы мүмкүн деген божомолду айткан.

Copyright © 2017 Maral FM