Биз менен байланышыңыз

Асрандиев товарларды ташууга альтернативдик өлкөлөрдү издөөнү тапшырды

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 433 | 0

Өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө максатында өлкөгө импорттук сырьену ташуу жолун табуу керек. Мындай пикирин вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтты.

Товарларды ташуу үчүн бир дагы мамлекет чек араны жапкан жок. Бирок айдоочулардын чек арадан өтүү алгоритмине байланыштуу жүк ташуу агымы токтоп калды. Жарандардын коопсуздугу көз каранды болгондуктан, бул алгоритмди жеңилдетип же аткарбай коюуга болбойт. Бул маселени чечүүнүн башка жолдорун табуу керек, — деди вице-премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, жүктөрдү убактылуу сактоо кампалары жабык, чек арада медициналык жана чек ара кызматкерлеринен башка эч ким жок.

Эркин Асрандиев Экономика министрлигине белгиленген мөөнөттө тигил же бул товарларды ташууга жөндөмдүү альтернативдик өлкөлөрдү издөөнү улантуу тапшырмасын берди.

Ал Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жарыялаган пандемияга байланыштуу жүк ташуулардын алгоритмине киргизилиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү талдоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM