Биз менен байланышыңыз

“Ювентус” клубунун коргоочусу Ругани коронавируска чалдыкты

Кыска кабар , Спорт | 12 Мар 2020 | 587 | 0

Италиянын чемпиону «Ювентус» клубунун коргоочусу Даниэле Ругани COVID-19 коронавирусуна чалдыкты. Бул кабарды туриндик клуб расмий тастыктады. Ругани тапшырган тесттин жыйынтыгында анын организминде коронавирус бар экени аныкталган.

“Ювентус” учурда оорунун жайылып кетүүсүнүн алдын алып, футболчуну коомчулуктан оолак кармоо боюнча бардык чараларды көрүүдө. Клуб футболчу менен байланышта болгон оюнчулардын тизмесин тактап жатат, — деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ Италияда бир сутка ичинде коронавирустан 168 киши каза болгон. Өлкөдө ооруга чалдыккандар 9 миңге жеткен.

Серия А чемпионаты апрелге чейин токтотулду. Италиянын клубдарынын Чемпиондор Лигасы жана Европа Лигасы мелдештеринде ойноосу да чектелүү коркунучунда турат.

«Ювентус» келерки аптада Чемпиондор Лигасынын алкагында өз үйүндө Франциянын «Лион» клубун кабыл алат.

Copyright © 2017 Maral FM