Биз менен байланышыңыз

Президент Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушту

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 441 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Баткен облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча негизги багыттар тууралуу айтып берди. Анда өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу, жер-жерлерде ишкерликти, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү колдоо, салык жана бажы органдарынын ишин автоматташтыруу, ата мекендик экспорттук потенциалды кеңейтүү чараларына кеңири токтолду.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков чек ара маселелерин чечүү, чек ара коопсуздугун жогорулатуу, ирригациялык, калкты таза суу менен камсыздоо, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.

Мындан сырткары, өлкөнүн бардык аймактарында санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу дагы сөз кылды.

Жергиликтүү эл менен жолугушуу суроо-жооп форматында уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM