Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Эл аралык форумдун мөөнөтү жылдырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 379 | 0

Өзбекстанда эл аралык экинчи «Tashkent Law Spring» юридикалык форумунун мөөнөтү жылдырылды. Буга коронавирус себеп болгонун өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

«Мындай чечим форумдун катышуучуларынын, анын ичинде чет элдик коноктор жана республиканын жарандарынын арасында коронавирус эпидемиясынын жайылышын алдын алуу үчүн кабыл алынган», — деп айтылат билдирүүдө.

Уюштуруу комитети эл аралык форумга катышуу үчүн каттоодон өткөн жарандарга иш-чаранын мөөнөтү жылдырылганы боюнча тийиштүү маалыматтарды берет.

Өзбекстандин Юстиция министрлиги белгилегендей, форумдун жылдырылуусу мурда жарыяланган республикалык конкурстарга эч кандай таасир этпейт.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстан коронавирустан улам Ташкент эл аралык инвестициялык форумун 2020-жылдын ноябрына жылдырган.

Мындан тышкары, өлкөдө эл аралык чемпионаттар жана мелдештерди өткөрүү кийинкиге калтырган.

 

Copyright © 2017 Maral FM